• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда телемедицинаны өнүктүрүү: биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын же телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүчү жеке медициналык практиканы жүргүзгөн адамдардын медициналык жардам көрсөтүүдө телемедициналык технологияларды колдонуу эрежелерин жөнгө салуучу биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган документке ылайык, телемедицина технологиялары профилактика, чогултуу, диагностикалоо, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларынын натыйжалуулугун баалоо, бейтаптын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү жана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.

Документ ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты документтештирүүчү телемедицинанын маалыматтык тутумдарына жана телемедициналык консультациялардын катышуучуларынын жоопкерчилик чөйрөсүнө карата талаптарды аныктайт.

Бул чечим калкка, өзгөчө өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга, калктын убактысын жана каржылык чыгымдарын кыскартууга жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий