• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте жаштар күнүнө карата "Жашар - 2023" фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Эртең, 10-ноябрда саат 12:00дө жаштар күнүнө карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында "Жашар - 2023" жаштар фестивалы өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Борбордук Азиядагы билим берүү дебат ассоциациясы" коомдук фонду (IDEA), ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте "Жашар - 2023" платформасын ишке киргизип жатат.

"Жашар" жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу аянтчасында сиз төмөндөгү платформаларага катышууга мүмкүнчүлүк болот:

  • "Сүйлө" – иш-чаранын негизги диалог аянтчасы болуп саналат. Анда спикерлер жаштар саясаты, кызматташтык жана жаштардын жарандык катышуусуна байланыштуу ар кандай темаларда сөз сүйлөшөт. Ар бир адам уга турган жана талкууга кошула ала турган мейкиндик.
  • "Жаса" – сөздөн иш-аракетке өтүү ачык аянтчасы. Анда катышуучулар контент түзүп, долбоорлорун жазып, дебаттарга катыша алышат же подкасттарын жаздыра алышат. "Жаса" мейкиндигинде жасалган бардык материалдар жаштар арасындагы тынчтык, кызматташуу жана жаштардын жигердүүлүгү темаларын камтыйт.
  • "Кара" – Кыргызстан жаштарынын көркөм өнөрдөн баштап, санариптик искусствого чейинки чыгармачылык иштери камтылган көргөзмөсү.

Жаштар фестивалында социалдык өнөктөштүк, ошондой эле кантип «Кыргыз жараны» болуу керек деген темалар боюнча панелдик талкуулар жана жеке баяндамалар менен коштолот.

Иш-чарага катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу катталуу керек. Толук программа жана жаңылыктар idea_ca баракчасында жарыяланып турат.

Суроолор боюнча IDEA CA уюмунун долбоорлор боюнча координатору Камила Усмановага кайрылсаңыз болот: +996 551 133 911, kamila@idebate.org

Белгилей кетсек, жаштар күнү Кыргызстанда жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Ал КР өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен Кыргыз Республикасындагы демократиялык багытты ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролун жогорулатууну эске алуу менен бекитилген. Кыргызстандын жаштары калктын жалпы санынын 35% ын түзгөн ар түрдүү жана динамикалуу социалдык топ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын адамдык капиталын өнүктүрүү программаларынын негизги субъекттери болуп эсептелет. Жаштар бардык социалдык-экономикалык жана саясий процесстердин тең укуктуу субъектиси болушу үчүн уникалдуу куралдарды колдонуу менен тең укуктуу жана тынчтык диалогду түзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий