• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору Билим берүү министрлигине 65 ноутбук тапшырды

Билим 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. "Келечек үчүн билим берүү" долбоору Билим берүү жана илим министрлигине 65 ноутбук тапшырды. Алар Кыргызстандагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө таратылат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул техниканын жардамында аймактагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары окуучулардын жана мектептердин жетишкендиктеринин тенденцияларына үзгүлтүксүз санариптик мониторинг жүргүзөт жана маалыматтарды талдоону уюштурат.

Ошондой эле, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун дистанттык окутуучу IT-платформасы аркылуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн колдонулат. Бул инструменттер билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн башчылардын жеке жоопкерчилигин бекемдөөгө жардам берет.

Ноутбуктар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун колдоосу менен алынды.

Пикир

Оставить комментарий