• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-түрк достугу ооруканасынан арзан баада дүйнөлүк стандарттагы меджардам алууга болот

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргыз-түрк достугу ооруканасынан арзан баада дүйнөлүк стандарттагы медициналык жардамды арзан баада алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүрөккө 34 операция жасалып, 273 бейтапка коронардык ангиография, 287 бейтапка стент коюлду.

Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Осмон Масалиев белгилегендей, азыр негизги көңүл жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоого бурулуп жатат жана, операциялардын баасы жеке борборлорго караганда алда канча арзан.

"Стент коюунун баасы бейтапка канча стент коюлаарына жараша 50 миң сомдон 75 миң сомго чейин өзгөрөт. Ооруканада ошондой эле биздин жарандар колдоно ала турган компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген аппараттары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.

Мисалы, 8-марттын урматына акысыз маммография уюштурулуп, 150гө жакын аял текшерүүдөн өтүп, ошондой эле адистерден кеңеш алып, эмчек рагынын коркунучтуу белгилери менен тааныштык", - деди Осмон Масалиев.

Пикир

Оставить комментарий