• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылы курулуш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарга 520 лицензия берилди

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 2021-жылы курулуш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарга жалпы 520 лицензия берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы ошондой эле 2 миң 618 сертификат берилди.

“Мындан сырткары, 669 объект текшерилип, 2 млн 435 миң сомдук айыппулдар салынды”, - дейт ал.

Бөрүбаев агенттик тарабынанан курулуш материалдарына 1 миң 290 сертификат берилгенин коушмчалады.

Пикир

Оставить комментарий