• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 25-мартта калкты жана турак жай фондун каттоо башталат

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири – бул калкты жана турак жай фондун каттоо, ал эртең, 25-мартта башталып, 3-апрелге чейин созулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, калкты каттоого даярдык көрүү боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, калкты каттоо 10 жылда бир жүргүзүлөт.

“Тарыхта Кыргызстандагы биринчи эл каттоо 1999-жылы, экинчиси 2009-жылы жүргүзүлгөн. Аталган схемага ылайык, үчүнчү эл каттоо 2019-жылы өткөрүлүшү керек эле, бирок дүйнөлүк пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган”, - деди ал.

Сөзүн улай ал эл каттоо мамлекет үчүн социалдык, экономикалык жана саясий чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий