• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев Новосибирскте медицина тармагында иштеген кыргызстандыктар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Новосибирск облусунда медицина тармагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлгинен билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын делегациясынын Новосибирск шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө министр жана Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандагы медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа, органдарды трансплантациялоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү сыяктуу өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана Новосибирск университеттеринде жана клиникаларында Кыргызстан үчүн медициналык кадрларды даярдоонун зарылдыгы тууралуу мекендеш дарыгерлердин актуалдуу маселелери боюнча “суроо-жооп” форматында тыгыз талкуулар болду.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин сунушу менен Новосибирск шаарынан эмгек мигранттарынын жана мекендештердин балдарын Кыргызстанга жайкысын “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитация борборуна эс алууга жана окууга жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий