• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда шаарлардагы креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. 2024–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шаарларында креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документ министрлер кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамды так аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.

Иш-чаралар планын өз убагында аткаруунун мөөнөтү белгиленген.

Креативдүү кластерлерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы 9 тапшырмадан турат, алар:

  1. шаарларда креативдүү кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  2. креативдүү индустрия боюнча өз бренддерин илгерилетүү үчүн аларды региондук (шаардык) деңгээлде калыптандыруу;
  3. региондордо (шаарларда) креативдүү хабдарды, чыгармачыл инкубаторлорду жана борборлорду уюштуруу;
  4. региондордо (шаарларда) креативдүү экономиканын калк үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун жайылтуу;
  5. региондордо (шаарларда) жаштардын арасында креативдүү индустрияларга кызыгуусун жогорулатуу;
  6. региондордо (шаарларда) өсүп келе жаткан муун жана кызыкдар адамдар үчүн кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүү;
  7. региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк моделдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
  8. региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү МЖӨ долбоорлорун пайдалануу;
  9. “Кыргызстандын креативдүү картасы” санариптик платформасын жана “Маданий маршрут” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий