• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Молдованын премьер-министри менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында Молдова Республикасынын премьер-министри Ион Кику менен жолугушту.

Өкмөт башчы эки өлкөнү тарыхый достук алака жана эркин коом менен парламенттик республиканы курууда бүгүнкү күндөгү демократиялык жетишкендиктер байланыштырып турарын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы Молдова менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара алаканы, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдар жана аймактык биримдиктердин линиясы боюнча ар тараптуу өз ара кызматташууга кызыкдар», - экенин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев, эки тараптуу мамилени активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-молдова өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жандануусу экономикалык мамилелердин дараметин ачууну жана кеңейтүүнү шарттарын ишеним артарын билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалык өнөктөштүгүн өнүктүрүү өңүтүндө инвестициялык жана бизнес-форумдарды өткөрүү, кызыкдар компаниялардын тараптардын аймагында өткөрүлгөн көргөзмө-жармаңкелерге катышуусу келечектүү болуп саналат.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү, илим, туризм, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүнү колдойт.

Өз кезегинде Молдова Республикасынын премьер-министри Ион Кику бүгүнкү жолугушууга жана ар кыл багыт боюнча эки тараптуу мамилелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий