• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Менин үйүм 2021-2026» өкмөт программасынын концепциясынын долбоору тартууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий