• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум болгон жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралууда.

Соттук процесске жаңы жактоочу катышып жаткандыктан отурум болгон жок. Ал иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт сурады.

Кийинки отурум 1-июлга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий