• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда тоноочулукка шектүү үч жаран кармалды, алардын бирөө аял

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Жайыл районунда тоноочулукка шектелип эки эркек жана бир аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын юасма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-ноябрда 1977-жылы туулган О.В. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 17-ноябрь күнү белгисиз үч жаран, анын ичинен бирөөсү аял киши эч себепсиз ур-токмокко алышып, андан кийин күч колдонуп уюлдук телефонун жана жанындагы курбусунун сумкасын алып, качып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") менен катталган.

Чүй облустук жана Жайыл райондук криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип, 1987- жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Ж.Т. жана 1998-жылы туулган С.А. аттуулар кармалышкан.

Учурда шектүүлөрдүн бири убактылуу кармочуу жайга киргизилип, калган экөө боюнча тергөө иштери жүрүп, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий