• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу акча каражаттарын мыйзамсыз алууга (пара) байланыштуу КР Эсептөө палатасынын ишиндеги туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, КР Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К., Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан.

Белгилей кетсек, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К., КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси менен кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын башка райондук билим берүү бөлүмдөрүн жана билим берүү мекемелерин текшерүүдө КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий