• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда контрафакттык шарап азыктары сакталган кампа табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда 15-октябрда контрафакттык продукциялар сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жийделик айылынын аймагынан шарап азыктарын кампага түшүрүп жаткан жеринен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Кампадан 277 миң 950 сомдук 1 миң 580 даана алкоголдук продукция табылган.

Кампадан 1580 даана алкоголдук продукция, сметалык баасы 277 миң 950 сомду түзгөн “СВВЗ” ЖЧКсынын көрсөтүлгөн акциздик маркаларынын көлөмүнүн ортосундагы айырмачылык менен табылды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан маалыматтарды каттоо журналына алынып, анын алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий