• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 2,2 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Баткенде 2,2 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар Э.Д.А.аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий