• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды, алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттордо чөнтөк уурулук менен алектенген чөнтөкчүлөр кармалды, алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Биринчи Май райондук милициясына Т.Н аттуу жаран кайрылып, "Кудайберген" базарынын аймагында маршруткада баратып 43 миң сом акчасы менен капчыгын уурдап алгандарга чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган фактты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ("Уурдоо") ылайык кылмыш иши козголуп, "Чөнтөк уурулукка жол жок!" профилактикалык иш-чарасынын алкагында кылмышка шектүүлөр изи суй электе кармалышты. Ошентип, 1995-жылы туулган М.А., мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Б.Т., 2009-жылы туулган. А.Б.аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми жашы жете элек 2009-жылы туулган А.Б. жаран, Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн иш план түзүшкөнүн далилдешти. Тактап айтканда, алар "Lexus IS 200" үлгүсүндөгү унаа менен маршруттук таксилердин аркасынан аңдып, андан соң жүргүнчү катары отуруп, салондун ичинен мыйзамсыз аракеттерди жасашкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Лексус IS200” үлгүсүндөгү унаанын салонунан 18 даана уюлдук телефон, 19 миң 400 сом накталай акча, 3 даана бычак, 3 даана ID-паспорт, банк карталары, соода базарларынан карталар, сим-карталар, кичи флеш-карталар, спрей банкалар жана пневматикалык тапанчадан шарик сымал октор табылып, алынган.
Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды, тергөө иштери уланууда.

"Көңүл буруңуздар! Кол салгандардын кылмыштуу иш- аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(706) 102-102 жана 0(707) 75-75-51 же 102 телефондору аркылуу байланышса болот", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий