• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деп мекендештерин алдап кеткен жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.08.30. /Кабар/. Москвада Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деп мекендештерин алдап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтен билдиришкендей, акыркы күндөрү жарандарды мекенине чартердик аба каттамдар менен жөнөтүүдө түзүлгөн тизмеге кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер орун ала баштаган. Айрым жарандар кырдаалды колдонуу менен алдоо жолу аркылуу акча каражатын алышып, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан түзүлгөн мекенине учуп кетүүчү жарандардын тизмесине киргизүүгө аракет кылышууда. Жогоруда көрсөтүлгөн окуялар биздин жарандар арасында нааразычылыктарды жаратып, мындан улам мекенине жөнөтүү үчүн чартердик аба каттамдын тизмесине жарандарды киргизүүдө элчиликтин коррупциялык схемалары жөнүндө ар кандай пикирлер социалдык тармактарда таралууда.

Ага байланыштуу укукка каршы аракеттерди алдын алуу, аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдында жарандардын укукка каршы иш-аракеттери боюнча арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияны жетектөө милдети КР Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлү Н.Жанбаевге жүктөлүп, анын курамына Кыргызстандын элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлери, ИИМдин жана КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кирген. Коррупцияга каршы жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен жалпы 8 алдамчылык фактысы аныкталган.

28-июль күнү КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунда туулган 26 жаштагы А.Д. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн кайрылуусунда билдиргендей, 2020-жылдын 17-июль күнү Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө Кыргызстанга кайтып кетүү үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турганда А.Д. келген элдерге тизмеге туруу үчүн арыз жазуучу бланктарын таратып жаткан бала менен таанышып калып, ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуп кетүү үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам беремин деп сый акысын алган бойдон изин жашырып качып кеткен. Бул факты Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган.

КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Якиманка райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жогоруда катталган арыз боюнча иш-чараларды жүргүзгөн, жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү такталып, ал Чүй облусунун 1990-жылы туулган К.М. аттуу тургуну болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле 2020-жылдын 28-июль күнү КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары - 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы туулган А.С. кайрылышкан. Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, бир кыз “WhatsApp” тиркемеси аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, сый акыга мекенине учуп кетүүгө жардам берерин сунуштаганын билдиришкен. Анын алдамчылык аракетинин натыйжасында жогорудагы жарандарга 60 миң рублга жакын чыгым келтирилген.

Бул фактылар Москва шаары боюнча Котловка райондук полиция бөлүмүндө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн "Алдамчылык" фактысы менен кылмыш иши козголгон. Бул алдамчылык фактылар боюнча Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнүн полиция кызматкерлери КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзгөн. Иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалып, азыркы учурда Россиянын мыйзамдарына ылайык анын баш коргоо чарасы каралууда.

КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан мекендештерди Москва шаарынан Кыргызстанга чартердик аба каттамдар менен жөнөтүүдө мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана ар кандай тоскоолдуктарды болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилип турат.

Жарандар тизмеге акысыз киргизилет жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизде көрсөтүлөт. КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештерди мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу маалыматы болсо, укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга менен күнөөлүүлөрдү мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартууга жардам көрсөтүүгө чакырат.

"Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө - predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылсаңыздар болот. Купуялуулукка кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий