• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу жүрүп жаткан Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылына барды. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында айылдын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча улуттук программалар анын президенттик ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири болуп саналаарын эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы «Заря» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Заря» айыл чарба кооперативи Ысык-Көл облусун камсыз кылган буудай менен арпанын жакшыртылган сотторун өстүрүп келе жатат. Муну менен катар сугаруунун жаңы технологиясы колдонулууда.

Сооронбай Жээнбеков жаратман эмгеги жана айыл жеринде жумушчу орундарын түзгөндүгү үчүн «Зарянын» жетекчиси Иван Чернышка ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге Президент Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы мөмө-жемиш багын көрүп чыкты. Бул жакта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын жардамы менен мөмө-жемиштерди өстүрүү үчүн тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилген.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн багытталган жеңилдетилген насыялардын көлөмү жылдан-жылга көбөйтүлөрүнө ишендирди.

Чолпон-Ата шаарында Президент Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү маселелерди гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун дагы бир жолу белгиледи. «Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий