• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Айыл чарба тармагы - өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылып, жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы — өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Эзелтен эле баба дыйкандарыбыз жана мыкты малчыларыбыз коомубузда барктуу орунду ээлеп келишкен.

Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук.

Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системаларды куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат.

Тармакты башкаруу жана санариптештирүү системаларын өркүндөтүү керек.

Мамлекет кайра иштетүү ишканаларын курууга, жаңы долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда.

Сиздер менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынды.

Сиздерге терең ыраазылык билдирем!

Мындан ары дагы жаңы жеңиштерди жаратасыңар деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий