• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ушул жылдын ноябрынан бери издөөдө жүргөн 35 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Бул жаран "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү унааны уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде соттолуучу болуп эсептелет. Мындан тышкары, ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси ("Автомототранспорт каражатын уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал алдын ала тергөө органдарынан жана соттон качып кеткендиктен, ага сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо менен издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий