• 88.68
  • 95
  • 0.95

"IT адиси бол" долбоорунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигинде “IT адиси бол” долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министрдин орун басары Жумамүдүн Жумалиев жана "Софтскилз" ЖЧКсынын башкы директору Александр Воробьев тарабынан "IT адис бол" долбоорунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Белгиленгендей, "IT адиси бол" долбоору EdTech-платформасы Lerna менен биргеликте уюштурулуп, анда Skillbox жана GeekBrains курстары (санариптик кесиптер боюнча билим берүү курстары) сунушталган. Долбоордун жеңүүчүлөрү бул платформалардагы билим берүү курстарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Долбоордун максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн билим жана карьераны жеткиликтүү кылуу.

Маалымат үчүн: Окутуу башталганга чейин долбоордун катышуучулары тандоо этаптарынан ийгиликтүү өтүп, катышууга арыз берип, "Эмне үчүн мен IT тармагына киргим келет?" деген темада эссе жазышкан. Ошондой эле суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча семинарга катышып, карьералык тесттен өтүп, кесипке багыт берүүчү адистен баалуу кеп-кеңештерин алышты.

Долбоордун катышуучуларына программалоо, дизайн жана маркетинг боюнча Skillbox курстарына кирүү мүмкүнчүлүгү берилген. Учурда студенттер кураторлор тарабынан колдоого алынып, материалды өздөштүрүү үчүн ыңгайлуу ылдамдыкта өз алдынча активдүү окуп жатышат.

Долбоордун катышуучулары индивидуалдуулугу жана жаңы билимге болгон умтулуусу менен айырмаланат:

Байэл кадимки өспүрүм оюнчулардай эле компьютердик оюндар дүйнөсүнө ынтызар, анын кыялы – миллиондогон колдонуучуларды өзүнө тарта турган компьютердик оюндар тармагындагы ааламдын жаратуучусу болуу үчүн информатиканын негиздерин үйрөнүү. Ал киберкоопсуздукка кызыгат жана кибермейкиндикте өзүнүн көндүмдөрүн жогорулатууга умтулат.

Алия кызыгуулары арбын анын ичинде саякат да бар, чыгармачыл ой жүгүртүү кызыктуу идеяларды жана долбоорлорду ишке ашыруу учун чоң мүмкүнчүлүк ачат деп ишенет.

Алик, компьютердин алдынкы колдонуучусу, ошондой эле азиз балдарга компьютердик сабаттуулукту үйрөтөт жана мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн ылайыкташтырылган программалык камсыздоону түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Окууну аяктагандан кийин студенттер Lernaга экскурсияга барып, адистерден резюмени туура жазууну жана жумуш берүүчүлөр менен туура баарлашууну үйрөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий