• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада 18-19-майда жыл сайын уюштурулуучу туристтик көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 18-19-майда жыл сайын уюштурулуучу туристтик көргөзмө өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтымында, мурдагы беш жылга караганда, быйыл көргөзмөнү майдын аягында жайкы сезондун ачылышын утурлай өткөрүү пландалууда.

"Андан тышкары, бул жылы баардык аймактан туристтик операторлор келип, өзүнүн шаары, районунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берет", - деди ал.

Максат Дамир уулу Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын өкүлдөрү келери күтүлүп жатканын айтты.

Ал эми, "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков белгилегендей, Түркия менен бир катар араб өлкөлөрү да кызыгуусун билдирип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий