• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри Сокулукта реаблитациялык борбордун шарты менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 08.10.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Сокулукта майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбордун иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, борбордо 4 жаштан 21 жашка чейинки өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана жаштар жашайт.

Министрге санитардык блок, дене тарбия, эс алуу бөлмөлөрү, кол өнөрчүлүк борбору көрсөтүлдү.

Мугалимдер жана тарбиялануучулар менен жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаровдун тамак-аш нормасын эки эсе көтөрүү жөнүндө Жарлыгынын аркасында тамак-аш канчалык жакшырганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий