• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин атайын кызматы салттуу ислам түшүнүгү менен радикалдык диний агымдардан айырмасы боюнча айтып берүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы диний экстремизмди алдын алуу багытында жалпы республика боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын катышуусунда лекция, семинар-тренинг, тегерек стол, конференция, жолугушуу жана форумдарды өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын февраль айында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамына сабак өткөрүлдү.

“Окууну ИИМдин ЭММКАКнын кызматкери өтүп, жолугушуунун жүрүшүндө видеотасма көрсөтүлүп, салттуу ислам түшүнүгү жана анын радикалдык диний агымдардан айырмасы жөнүндө толук маалымат берди. Мындай сабактардын өткөрүлүп жатканы руханий аң-сезимди сый-урматка, толеранттуулукка, маданияттуулукка тарбиялап, экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы турууга өбөлгө болмокчу. Ушундай эле сабактар ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Бишкек шаарында жайгашкан бардык бөлүктөрүндө жана атайын операциялар отряддарында да өткөрүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга эле катар, ИИМдин ЭММКАКтын уюштуруу-методикалык камсыздоо жана теологиялык изилдөө бөлүмүнүн кызматкери Манас Аманбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилерине "Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдар жана алардын өзгөчөлүктөрү, каршы туруу ыкмалары" темасында семинар-тренинг өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар өздөрүнүн диний экстремизм багытында берген суроолоруна толук жоопторду алышты.

Мындан тышкары, КР Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилери диний экстремизмди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар аскер кызматкерлерине оң натыйжасын берип жаткандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий