• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Пресс-тур”: Ысык-Көлдүн экологиялык, техникалык коопсуздугу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 11.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 10-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жайгашкан бир нече эс алуу жайларында “Пресс-тур” өткөрүлдү. Анда жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жайкы туристтик сезонго пансионаттардын даярдыгы текшерилди.

Мамэкотехинспекциясынын маалыматына ылайык, жыл сайын Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын экологиялык, техникалык коопсуздугу текшерилип турат. Жалпы жонунан бул аймакта 169 пансионат орун алган. Экотехинспекциясы өрт коопсуздугун, энергетикалык, экологиялык болуп отуруп 15 багытта көзөмөл жүргүзөт.

Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Тилек Текебаевдин айтуусунда, 2016-18-жылдары 14 эс алуу жайлары экологиялык жана техникалык коопсуздукка жооп бербегендиктен жабылган.

“Учурда биз 3 тармакта текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар экологиялык, өрт коопсуздук жана суу транспорту (куткаруучулар). Былтыр 4 эс алуу жайлары биз берген тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн ачылган. Быйыл дагы бир нече пансионаттар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Талапка жооп бере турган болсо, анда биз ачып беребиз”, ― дейт Текебаев.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 9 пансионат жабылган. Алардын бири “Белек”, “Береке”, “Кооператив”, “Сосновая роща”, “Дельфин плюс” жана башкалар.

Аталган инспекциясынын билдирүүсүндө, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 1554 протокол түзүлүп, 8 млн. 311 миң сом айып салынса, жаратылышка тийгизген терс таасири боюнча 9 млн. 384 миң сом айып салынган.

“Пресс-тур” “Чок-Талдан” “Бактуу-Дөлөнөтү” айылына чейинки эс алуу жайларында өткөрүлдү. Эң алгач, “Роял бич” эс алуу жайында өрт өчүрүү боюнча машыгуу болуп өттү. Имараттын биринде өрт чыгып, ичинде элдер тезинен сыртка чыгарылды. Жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү жана өрт өчүрүүчү унаа келгенче алдын ала өчүрүү иштери жүрүп жатты.

Мамэкотехинспекциясынын өрт коопсуздук боюнча адиси Марат Мусагожоев, Ысык-Көлдө 11 өрт өчүрүүчү унаа жана аэропорттун 3 унаасы бар экенин айтат.

“Өрт коопсуздугун жана адам коопсуздугун камсыздоо боюнча ӨКМ менен биргеликте сезон ачылаардын алдында машыгуу иштери болуп турат. Былтыркы жылы 7 эс алуу жайында өрт чыккан. Ошонун бири ушул “Роял бичте” орун алган. Суу түтүктөрүн, биринчи өчүрүүгө керектелүүчү шаймандар жана өрт коопсуздугун сактоочу иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлдөйбүз. “Роял бичке” Тамчы айылынан өрт өчүрүүчү унаа 9 мүнөттө келди. Бул талапка жооп берет”, ― деди өрт коопсуздук боюнча адис.

2018-жылдын 13-февраль күнү саат 08:45те Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Буланды-Сөгөт айылынын “Ысык-Көл” пансионатында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 09:21де өрт чектөөгө алынып, саат 09:45те толук өчүрүлдү.

“Роял бич” жеринде куткаруучу болуп иштеген Өмүрбек уулу Айбек, Чолпон-Атадагы ӨКМ тарабынан атайын 10 күндүк окууну бүтүп, сертификатка ээ болуп туруп, куткаруучу болгон.

“Бул пансионатта 5 адам куткаруучу болуп иштейт. Үчөө жумушка чыкканда экөө эс алууда болушат. Биздин негизги милдетибиз адам коопсуздугун сактоо, аны үчүн бизде куткаруучу кайык, дүрбү жана башка курал жарактарыбыз бар”, ― деп өз оюн Өмүрбек уулу Айбек билдирди.

“Пресс тур” Кара-Ой айылында жайгашкан “Ак-Бермет” эс алуу жеринде уланды. Аталган пансионатта суунун сапаттык көрсөткүчү текшерүүгө алынды. Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Кененова, көл суусунун температурасын жана щелочтукбу же кислоталыкбы (pH), кайсы көрсөткүчтү көрсөтүп жатканын текшерүү керектигин билдирди.

“Биз азыр суунун температурасын жана pH көрсөткүчүн текшерип жатабыз. Негизи, аба ырайы бузулуп, катуу толкун болуп жатканда сууну алууга болбойт. Анткени, жамгыр жана кумдун аралашмасы менен суунун көрсөткүчү өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азыр суунун температурасы 15 градус, ал эми pH болсо 8 экен. Ысык-Көлдүн pH көрсөткүчү 8дин тегереги болот”, ― дейт Кененова.

Суунун көрсөткүчү жылына сезонго чейин, сезон учурунда жана сезондон кийин деп үч жолу текшерилет. Сезонго чейинкисин 23-25-апрель күндөрү текшерүүсүндө суунун көрсөткүчү таза чыккан.

Кийинки багытты Чолпон-Ата шаарында орун алган “Круиз” яхта клубуна барып, ал жердин экологиялык жана техникалык коопсуздугун текшерүүгө катыштык.

Яхта, катерлердин техникалык коопсуздук боюнча жетекчиси Сергей Васильевич, негизги милдеттери команданы даярдоо, окутуу тактап айтканда, матрос, капитандарды окутуп чыгаруу. Ошондой эле, яхта, катерлердин техникалык абалын көзөмөлдөө керектигин баса белгилейт.

“Бизде туристерди тейлөө үчүн 7 катер бар. Ар биринде даараткананын суусу ага турган 300-400 литрлик бак бар. Суу тазалоочу каналдар менен келишимибиздин негизинде атайын унаанын жардамы менен ошол жакка алып барабыз. Лицензия алыш үчүн өрт коопсуздугун сактоо жана куткаруу каражаттарынын болушу керектелинет”, ― дейт Сергей Васильевич.

КР ӨКМ алдында түзүлгөн куткаруучулар мектебинин мугалими Мукамбетов Адилеттин айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча 50 куткаруучуну окутушту. Теориялык жана практикалык болуп 10 сабак өтүлөт.

“Куткаруучулардын кийими кызыл же саргыч өңдө жана жазуусу болуш керек. Биздин окуу жайды окуп бүткөндө сертификат жана күбөлүк беребиз. Куткаруучулар жылына бир жолу келип текшерүүдөн өтүшү керек. Анткени кээ бир нерселерди унутуп калышы мүмкүн. Балдарды кантип куткаруу керек, кантип биринчи медициналык жардам көрсөтүш керек деген багытта окутабыз”, ― дейт Мукамбетов.

Экотехинспециянын Экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Максат Өмүров, бизнес чөйрөсүн өркүндөтүү максатында өкмөттүн токтому иштелип чыкканын айтат. Анда эс алуу жайларын текшерүүдө экономика министрлигинин макулдугун алуу менен, 10 күн мурун эскертүү берип туруп экологиялык, техникалык багыты текшерилээрин кошумчалады.

“Жылдан жылга биздин тармак, экологиялык жана техникалык тармагы жакшырып баратканын байкасак болот. Көл жээктер тазаланып калганы байкалууда. Эс алуу жайларынын ээлери да канчалык тегерек чети таза болсо туристердин саны да көбөйөрүн билип, экологиялык жактан таза кармаганга аракет кылып жатышат”, ― дейт өз сөзүндө Максат Өмүров.

Пикир

Оставить комментарий