• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канттагы аскер кызматкерлери Санкт-Петербургдагы жардырууда курман болгондорду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Чүй облусундагы Россиянын ЖККУ “Кант” авиабазасында Санкт-Петербургдагы жардырууда курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу аталган авиабазанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, түндүк Россиянын герби тартылган эстелик ташына авиабазанын кызматкерлери гүл коюшту. Динчил аскер кызматкерлери менен иштеген командачынын жардамчысы иерей Евгений курман болгондорго арнап кызмат көрсөттү.

Эскерте кетсек, 3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу 13 адамдын өмүрүн алып, 50дөн ашык жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий