• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жоголгон 11 жашар кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын кызматкерлери сууда издөө иштеринин жүрүшүндө 9:48де 11 жашар кыздын сөөгүн табып, Свердлов райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүп берди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн милиционерлердин демилгеси менен ЧЧКдагы сууну Кантемир көчөсүнүн тушунан агызып жиберишкен. Суу түбүнөн кыздын сөөгү табылган.

Эскерте кетсек, Асель Төрөбекова 3-апрелде болжол менен 12:15те үйүнөн чыккан бойдон келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий