• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Өкмөттүк акселераторлор" программасын масштабдоо боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Ысык-Көл облусунда "Өкмөттүк акселераторлор" программасын масштабдоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага райондук жана мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын өкүлдөрү жана билим берүү жана илим, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, саламаттык сактоо министрлигинин жана мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каалаган потенциалдуу жеке ишкерлер катышты. Кеңешменин жүрүшүндө мектепке чейинки Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана мамлекеттик колдоонун ар кандай чаралары боюнча маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган программаны Бишкекте сынап көрүү тажрыйбасы, мындан аркы масштабдоо боюнча чаралар, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык негизги жоболор, тактап айтканда, коопсуз чөйрөгө талаптар жана мектепке чейинки курактагы баланы өнүктүрүүнүн беш тармагын ишке ашыруусунун таанытымы болуп өттү.

Асель Чынбаева жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын аймактык тармагын кеңейтүү аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүнүн жана 6 жашка чейинки камтууну жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки билим берүү кызматын өнүктүрүү үчүн ишти күчөтүү зарыл болгон артыкчылыктар жана багыттар аныкталды.

Маалымдама:

2023-жылдын декабрь айында Баткен облусунда көчмө ориентациялык кеңешме өткөрүлгөн. Ушул жылдын март айында Чүй облусунда мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча "Өкмөттүк акселераторлор" программасын масштабдоо максатында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий