• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 3 көмөкчордон курулат

Аймак 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 3 көмөкчордон курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Дейрес айылына 35/10 кВ, Жерге- Тал айылына 110/35/10 кВ, Сузак районунун Жаңы- Дыйкан айылына 35/10 кВ көмөк чордон курулмакчы.

Андан сырткары, 220/110/10 кВ Төрөбаев көмөк чордонунда кубаттуулугу 125 МВА АТ- 3 трансформатору 200 МВАга алмашат.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын ар бир жасалган жумушу калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.

Анткени керектөөчүлөр жылдан жылга көбөйгөндүктөн электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңы кубаттуулуктар курулуп ишке киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий