• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: Өзгөрүш айылында мектеп салынды

Аймак 0

Талас, 22.07.19. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Кувейт мамлекетинин гранттык каражаттарынын эсебинен 125 орундуу мектеп салынган.

Район акими Чолпон Төрөгуловдун айтымы боюнча, айылда буга чейин эки мектеп болгон. Алар айылдын ортосунда жайгашкандыктан, айылдын четинде жашаган жарандарга мектепке барып-келүү кыйын болуп келген.

“Өзгөрүш айылы – калкынын саны 7-8 миңге жеткен райондогу чоң айылдардын бири. Айылда эки гана мектеп болуп, андан алыс турган окуучулар күнүнө 5 чакырым аралыкты басып өтүшү керек болчу. Мындан улам, биз, эски тамеки цехин мектеп кылып оңдоп чыкканбыз. Цехтин ичинде болгону эки бөлмө болуп, аларды окуу классы кылып жасаган элек. Балдар ал жерде 3 нөөмөттө окуп келишкен”, - дейт ал.

Аким Кувейт өкмөтү бөлгөн донорлук каражаттардын эсебинен 125 орундуу жаңы мектеп курулганын белгиледи.

“Кувейт 12 млн. 500 миң сом бөлгөн. Бул каражаттарга биз жаңы мектеп куруп, андан тышкары керектүү окуу жабдыктарын сатып алдык”, - дейт Төрөгулов.

Пикир

Оставить комментарий