• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Португалияда өрттөн 30га жакын адам жабыркап, 1700дөй өрт өчүрүүчү унаа тартылган

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Португалиянын борбордук бөлүгүндө 8,5 миң гектарды каптаган табигый өрттөн 30га жакын адам жабыркады. Бул тууралуу 20minutes басылмасы жазат.

Буга чейин 8 адам жабыркагандыгы айтылган.

Тилсиз жоо ишемби күнү Каштелу-Бранку округунун Вила-ди-Рей муниципалитетинде башталып Сантарен округундагы Масан муниципалитетине чейин каптаган.

Өрт коопсуздугунун маалыматына ылайык, күн ысыгынан жана катуу шамалдан улам өрттү өчүрүү кыйынга турууда. Окуя болгон жерге 1700дөй өрт өчүрүүчү унаа, 500 транспорт каражаты тартылган.

Медициналык жардам алуу үчүн 30га жакын адам кайрылган жана алардын бирөө оор абалда экени айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик өрттүн келип чыгуу себебин изилдеп жатат. Өрткө адамдын тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Полициянын маалыматы боюнча, окуяга шектүү катары бир адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий