• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым жыл ичиндеги ар кайсы деңгээлдеги өз ара визиттер күбө болуп саналарын белгиледи.

Президент биргелешкен өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү боюнча аракеттер уланарын баса белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу, эки ыйыктыктын Сактоочусу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудуга салам жолдоду.

Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жемиштүү сүйлөшүүлөр өткөнүн белгиледи. Анын жүрүшүндө парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү чаралары эле эмес, эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланды.

Ал мындан ары да өз ара аракеттешүүгө жана кызматташуунун эң эле келечектүү чөйрөлөрүн аныктоого даярдык билдирди.

Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визитин күтүп жатышканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий