• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Камчаткада туристтер бараткан тик учак кыйрап, сегиз киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. 12-августта Камчаткада Ми-8 тик учагы кыйрады. Бортто 13 жүргүнчү, анын ичинде үч жаш бала жана экипаждын үч мүчөсү болгон.

Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгы билдирди. "Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, кыйроодон сегиз киши өлдү.

Куткаруучулар тик учак Кроноцкий коругунун аймагындагы Куриль көлүнө түшүп, 100 метр тереңдикте чөгүп кеткенин айтышты. Алты жүргүнчү жана экипаждын эки мүчөсү, болжол менен – экинчи учкуч жана бортмеханик тик учактан чыгып, жогору көздөй сүзүп кете алган. Коруктун кызматкерлери көлдөгү суунун температурасы 5-6 градус экенин, көпкө кармалууга мүмкүн болбой турганын айтышты. Окуя болгон жерде ӨКМдин суучулдары иштеп жатат. Издөө-куткаруу операциясына 45 киши жана 8 техника тартылды.

Куткарылган сегиз кишини Петропавловск-Камчатскийге алып жөнөштү, алардын экөөнүн абалы өтө оор.

"Интерфакс" өз булактарына таянуу менен Ми-8 учагынын кыйрашына коюу туман жана учуу ишиндеги катачылыктар себеп болгонун жазды. Кылмыш иши козголду.

Камчаткада кыйраган Ми-8 тик учагынын чыкканына 40 жыл болгон. Ал 2020-жылы капиталдык ремонттон өткөн. Тик учактын учууга жарамдуулук сертификаты 2022-жылы 16-июлда аягына чыкмак.

Кыйраган Ми-8 тик учагы "Витязь-Аэро" компаниясына таандык болгон. Анын негиздөөчүсү жана тең кожоюну – киши өлтүрүү айыбы менен камалган камчаткалык депутат Игорь Редькин.

6-июлда Камчаткада Ан-26 учагы кыйрап, 28 киши өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий