• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк өткөн аптада мыйзамсыз акча алмаштырган 3 жаранга айып салды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23./Кабар/. Улуттук банк өткөн аптада мыйзамсыз акча алмаштырган 3 жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын А.М.К., Ш.А.Н., М.Т.С. аттуу жарандарына 17 миң 500 сомдон айыппул салынды.

Улуттук банк ошондой эле Бишкектеги сегиз акча алмаштыруу жайынын ишин 5, 10 жана 15 күндүк мөөнөткө токтотту.

Пикир

Оставить комментарий