• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаран кар көчкүнүн астында калып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаран көчкүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1978-жылы туулган М.Ж. аттуу эркек киши Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан.

Жерине 11 куткаруучу, Атай айылынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Пикир

Оставить комментарий