• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы мектептер окуу жылына 90 пайыз даяр

Аймак 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясы шаардын аймангындагы билим берүүчү мектептердин жаңы 2017-2018-жылдагы окуу жылына карата даярдыктарын атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда текшерүү өткөрдү. Бул боюнча шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн комиссиянын негизинде шаардагы жалпы жыйырма бир мектепте жаңы окуу жылына карата өткөрүлүүчү оңдоп түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Жыйынтыгында мектептер окуу жылына 90 пайызга даяр экени маалым болду.

"Учурда №13 мектепте stem grant долбоорунун негизинде мектептин терезелери толугу менен жаңыланып, 20-августка чейин аяктоо алдында турат. Жаңы окуу жылында салынып аяктоо алдында турган №6 орто мектеп ушул жылдын октябрь айында ишке берилмекчи. Мамлекеттик бюджеттен бул жылы шаар мектептеринин ремонт иштерине 1 миллион 699 миң 700 сом акча каражаты бөлүнүп берилген"-дейт ал.

Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Далибай Камбаровдун айтымында, шаар боюнча жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы жылдагыга салыштырмалуу жакшы бирок, эскилиги жеткен имараттар жана санитардык абал толук сакталбаган мектептер да жок эмес.

"Негизги маселелердин бири шаардын борборундагы мектептерде окуучуларга класстардын, мектептердин аянты анда окуган балдардын санына салыштырмалуу кичине болууда. Мектептерде бул сыяктуу маселелер сөзсүз түрдө эске алынышы керек. Окуучуларга түзүлгөн жакшы шарттар балдардын билим деңгээлинин жакшыруусуна таасирин тийгизет дейт",- Камбаров.

Пикир

Оставить комментарий