• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматада Ысык-Көлдө аяктоочу веломарафон башталды

Спорт 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Алматада көрүүсү начар жана көрбөгөн спортчулар үчүн “Чексиз спорт” веломарафону өтөт. Алар бир жуманын ичинде Алмата – Бишкек – Чолпон-Ата багытында жүрүп өтүшөт.

Командада 15 көрүүсү начар жана көрбөгөн велосипед айдоочулары бар. Аларды ыктыярчылар жана патрулдук милиция кызматы коштоп жүрөт. Веломарафон 20-августта Ысык-Көлдө өтөт.

Долбоордун идеясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерди өз күчтөрүнө ишендирүү, активдүү жашоого түрткү берүү болуп саналат, - деп жазат baribirge.kz

Марафондун жыйынтыгы боюнча, уюштуруучулар атайын муктаждыктары бар адамдар үчүн каттам картасын иштеп чыгууга, социалдык туризмди өнүктүрүү максатында Кыргызстан жана Казакстандын парламенттери үчүн сунуштамаларын даярдоого ниеттенишүүдө.

Веломарафон Алматанын жаштар саясаты маселелери боюнча башкармалыгынын колдоосунда коомдук уюмдар тарабынан уюшулду.

Пикир

Оставить комментарий