• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда "батыш бийлерин жайылткан" жаштар камалды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Иран бийлиги “латынамерикалык зумба жана башка “батыш” бийлерин жайылткан жаштарды камаганын ЖМКлар жазып чыгышты.

10-августтагы билдирүүдө Ислам революциясынын сакчыларынын корпусу (ИРСК) төрт жигит жана 2 кызды өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Семнан провинциясынын Шархуд шаарында камакка алганы айтылат.

Жергиликтүү ИРСК башчысы Хамид Дамгани камалган алтоо “батыш бийлерине үйрөтүп, бул боюнча видео тарткан тармактын мүчөлөрү” экенин айткан. Алар социалдык тармактарга зумба бийинин видеолорун жүктөп, мусулман жоолуктарын эл алдында чечип таштаган кыздарды колдошкону кабарланат.

Мындай камакка алуу жана текшерүүлөр Иранда жайылып барат. 9-августта мамлекеттик ЖМКлар “ жарым жылаңач” кыз-жигиттердин кармалганы тууралуу маалымдашкан.

Пикир

Оставить комментарий