• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда таштандыдан ара төрөлгөн наристе табылды. Энеси делген кыз аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайдан ара төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-ноябрда болжол менен саат 08:40та катталган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү матералдар чогултулган. Териштирүү учурунда ымыркайдын энеси делген кыз аныкталган. Ал 18 жаштагы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну Т.Э. болуп чыккан.

"Ал 18-ноябрда убактылуу жашап жаткан батиринде кыз төрөп, аны жаш баланын кийимине ороп эшикке алып чыгып, таштанды таштоочу жайга таштап кеткен. Ымыркайды таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү аны төрөт үйүнө алып барышкан. Наристе азыр тирүү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен үчүнчү окуя. Буга чейин 8-ноябрда Бишкектин Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылган.

Ал эми экинчи учур 19-ноябрда катталган. Анда 20 жаштагы кыз ымыркайын баштыкка салып, башка бирөөнүн короосуна таштап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий