• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Байге фонду 1 млн сом. Тогуз-Тородо төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Тогуз-Тородогу "Саймалуу-Таш" петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында "Саймалуу-Таш санаты" аталышындагы төкмө акындардын республикалык айтышы өттү.

Аталган айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин колдоосу менен Кыргыз улуттук "Манас" театры, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулду.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, анда Абдылда Нуралиев баш байге, Азамат Болгонбаев 1-орун, Тынчтыкбек Эсенбай Уулу 2-орун, Темирбек Матыбаев 3-орунду ээ болду.

Белгиленгендей, 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын "Саймалуу-Таш санаты" аталышындагы республикалык айтыштын тандоо туруна жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынган.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий