• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри кореялык компаниянын президенти менен киноиндустрия чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов YuYu Korea компаниясынын президенти Ким Хьюн Суу менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар киноиндустрия чөйрөсүндө кызматташуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Министр 50 жылдан ашуун тарыхы бар, Түштүк Кореянын кино рыногунда алдыңкы интегратор YuYu Korea компаниясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ким Хьюн Суу өз кезегинде ал жетектеген компания өнөктөштөрүнө эң мыкты өндүмдөрдү жана сапаттуу кызмат көрсөтөрүн билдирип, ыраазычылык билдирди.


Маалымат үчүн: YuYu Korea бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын кино тармагындагы алдыңкы интегратор жана камсыздоочу болуп саналат. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын MEGABOX, Lotte Cinema, CGV сыяктуу алдыңкы кинотеатрлары менен активдүү кызматташат.

“YuYu Korea” компаниясы Сеул шаарындагы эң бийик асман тиреген имаратында Lotte World Tower кинотеатрын ачып, дүйнөдө биринчи жолу Dual 6P Premium Laser System технологиясын колдонгон. 2018-жылы кинотеатр дүйнөдөгү эң чоң кино экраны бар кинотеатр катары Гиннес рекорддор китебине кирген.

Компания негизделгенден баштап бельгиялык BARCO , америкалык CHRISTIE, DOLBY SOUND жана башка көптөгөн таанымал дүйнөлүк кино жабдууларын өндүрүүчүлөр менен кызматташып келет.

2017-жылы аталган компания Ош шаарына "Кинобокс Семетей" кинотеатрын модернизациялап ачкан жана биринчи заманбап санариптик мультиплексти түзүү боюнча Түштүк Кореянын мыкты инженерлери иштешкен. Кинотеатр чыны менен Кыргызстандын түштүк борборунун тургундары үчүн жаңы, заманбап маданий борборго айланды.

Пикир

Оставить комментарий