• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстан 3,2 млдр кВт/с электр энергиясын импорттойт — министр

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстан республиканын ички керектөөчүлөрүн камсыздоо үчүн коңшу өлкөлөрдөн 3," млрд киловатт/саат электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында,электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россия менен келишимдер түзүлгөн.

Ал билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында "Кыргызстан электр тармактар ишканасы" ААКтын электр станциялар тармагына 10 671,3 млн кВт/саат электр энергиясы келип түшкөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине (9800,2 млн кВт/саат) салыштырмалуу 871,1 млн кВт/саатка, же 8,3%га көп.

"2023-жылдын январь-октябрь айларында электр энергиясын жоготуулар 10,29%ды, же 1097,9 млн кВт/саатты түзүп, ченемден 0,82%га аз. 110-500 кВ тармактарында электр энергиясынын техникалык жоготуулары 698,34 млн кВт/саатты түздү. же 5,35%. 2023-жылдын 1-ноябрына карата керектөөчүлөрдүн саны 1 миллион 549 миң 579ду (үй чарбасы – 1 миллион 440 миң 633, турак жай эмес – 108 миң 946) түзүп, жыл башынан бери 25 миң 262 абонентке көбөйдү", — деди министр.

Пикир

Оставить комментарий