• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалпы суммасы $3 млн. Саламаттык сактоо министрлигине 107 даана унаа тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 107 даана автотранспорт тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкалар катышты.

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны өткөрүп берүү. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы медициналык тез жардам унааларын, ошондой эле тез санитардык транспорттук каражаттарды алдык. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттыкты сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук эпидемиялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканалары да бейтаптарга толуп жатат. Бул жагдайда Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин алдына өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

«Өлкө көтөрүлүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшап жатат. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келет. Санариптик жана технологиялык чечимдердин жана механизмдердин аркасында Министрлер кабинети экономиканы жана бюджетти кесипкөйлүк менен көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда бардык аракет жардам бербесе, анда ал текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет жана сиз жана сиздин команда муну чече алат деп биз ишенебиз. Урматтуу биздин медицина кызматкерлери, ар бир бейтапка эффективдүү жардам берүү үчүн сиздерге чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм”, - деди Акылбек Жапаров.


Маалымат үчүн: Саламаттыкты сактоо министрлигине 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан класстагы санитардык транспорт, 19 даана минивен класстагы санитардык транспорт, 4 даана каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана жалпы суммасы 3 000 000 долларга 2 даана дезинфекциялоочу машина.

Пикир

Оставить комментарий