• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Казакстандан Кыргызстанга 72 баш бодо мал алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз бодо мал алып келүү фактысы аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан республиканын аймагындагы аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасына мыйзамсыз ташылып келинген бодо малдар аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Талас районунун чек ара тилкесиндеги Көпүрө-Базар айылынын “Агышай” жергесинде УКМКнын кызматкерлери менен КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Т.Т.А. аттуу жаранынын 72 баш бодо малды (музоо, уй) Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Учурда бул материал боюнча кылмыш иши козголуп, КР мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү боюнча тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий