• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагына мыйзамсыз тамеки ташып келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Өлкө аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош облусунда Т.Ж.О. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Subaru Forester” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаага бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 10 миң куту “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 650 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий