• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зер буюм, ноутбук, кол сааттар. Жайыл районунда уурулукка шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Жайыл районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-мартында Жайыл РИИБине 1977-жылы туулган И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында белгисиз адамдар ошол эле күнү анын үйүнө кирип алтын жана күмүш буюмдарын, ноутбугун жана 15 даана кол саатын, андан тышкары, 500 АКШ долларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжасында арыз ээсине 590 миң сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган З.В. жана 1988-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Шектүү адамдардын биринин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп натыйжасында бир даана ноутбук, күмүш буюмдар жана 5 даана кол сааты табылып алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий