• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Экстремисттик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткандыгы үчүн К.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча К.С. өзүн көз карандысыз укук коргоочу (юридикалык билими жок) катары көрсөтүп, анын пикиринде “кысымга учураган” динчилдердин, блогер катары активдүү болуп, социалдык тармактардагы (YouTube, Telegram, Instagram) каналдары аркылуу ал экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган.

Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган.

Кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренесинде каралган козголгон кылмыштын негизинде, К.С. кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий