• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында коомдук алдын алуу борборлору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Достук" жана "Курманбек" аймактык башкаруу мекемелеринде коомдук алдын алуу борборлору ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Жалал-Абад шаарында мындай борборлордун ачылып, ишке кирүүсү жергиликтүү маанидеги маселелерди, жашоочулардын арыз -даттанууларын кароо, мыйзамсыз иш-аракеттердин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда өз натыйжасын берет", - деп белгиледи иш-чарада сөз сүйлөгөн шаар башчысы Эрнисбек Ормоков.

Аймактык башкаруулардагы коомдук алдын алуу борборлорундагы бөлмөлөр заманбап техникалар, эмеректер менен жабдылган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду жана "Saferworld" уюму да каржылык колдоо көрсөткөн.

Аталган борборлордо аксакалдар жана аялдар кеңештери, жаштар комитети, милиция кызматкерлери аймактык башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий