• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун жолдоруна туристтик белгилер орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун туристтик жерлерине баруучу жолдун жээгине белгилер орнотулду, деп билдирет Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду.

Алар Чоң-Кемин жаратылыш паркына жана Шабдан Баатырдын музейине, Көл-Көгүр көлүнө жана Жантай хандын эстелигине жана башка кызыктуу жерлерге багыт көрсөтөт.

Белгилер маалыматтык навигация долбоорунун алкагында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан орнотулган. Бул долбоор боюнча Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө жалпысынан 9 белги орнотулган.

Буга чейин алар Нарын облусунда орнотулган, келечекте республиканын бардык аймактарында пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий