• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө 9 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Рашид Жангазиев атындагы мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

350 орунга ылайыкташкан билим уясынын курулушу 2014-жылы башталган.

Мектеп эки кабаттуу, китепкана, ашкана, дарылоо бөлмөсү, спорттук залы, өтмө галереясы бар.

Мамкурулуштан учурда мектептин тегерегин көрктөндүрүү жана асфальттоо жумуштары уланып жаткандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 12 мектепти куруу пландалган. Ал үчүн бюджеттен 1 млрд сомго жакын каражат каралган. Учурда жети мектеп колдонууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий